Күбөлүк алууда автоинструкторлор сынактан атайылап кулатабы? Агенттиктин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежелери боюнча экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар.
Тармактык уюмдан бул рекорддук көрсөткүч экенин белгилешкен. Жарым жылда теориялык экзаменди 30 миңден ашуун адам тапшырганы менен практикага келгенде сынактан төрт миңи эле өтө алган.
Автомектептердеги мугалимдер инструкторлор көп учурда курсанттарга тоскоолдук жаратып, практикалык экзамендерден кулатып коерун айтышууда.
Мындай сөздөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосуна комментарий берди.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Шералиев

"Теория боюнча сынак берген кабинеттерде жана андагы компьютерлерде видеокөзөмөл орнотулган. Ал жакта болуп жаткан нерсенин баары көзөмөлдөнөт. Курсанттын ордуна башка адам экзамен тапшыра албайт, анткени биометриялык таануу системасы иштейт. Бирок мындан да айла табам деп кулакчын, кичинекей камера алып киргендер бар. Бизде мындай учур 15 жолу болгон, анан албетте, аларды укук коргоо органдарына билдиргенбиз", — деген Шералиев.

Ал эгерде инструкторлор сынак учурунда курсанттарга туура эмес мамиле кылса доо-арыздар караларын кошумчалаган.
"Айдоочулук күбөлүк алып жаткан адам анын жоопкерчилигин жакшы түшүнүшү зарыл. Транспорттук каражат — жогорку деңгээлде коркунуч жараткан техника. Инспекторлор сынактан кулатып жатат деген сөзгө кошулбайм. Жолдо ар кандай кырдаал, айдоочу туура кадамга бара албай калган учурлар болот. Ал эми өлкөдөгү статистика начар абалда. Ошондуктан курсант өзүнүн алган билимине ишениши керек, ошондо гана ал эч кимге алаксыбай сынактан өтө алат", — деген Шералиев.
Радио
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар