Акылбек Жапаровдун орун басарлары аймактарда эл менен жолугат. Убакыт-сааты

Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Ош, Жалал-Абад облустарына Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарына Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдил Байсалов барат.

График:

Баткен облусу
Лейлек району жана Сүлүктү шаарында 1-августка белгиленген жолугушуу саат 10:00дө Раззаков шаарындагы маданият үйүндө болот;
Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт;
Кадамжай району — 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө болот;
Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 2-августта саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залына келе алат.
Талас облусу
Талас шаары, Талас жана Бакай-Ата райондору боюнча жолугушуу 1-августта 10:00дө Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өтөт;
Айтматов жана Манас райондору боюнча жолугушуулар 1-августта 15:00дө Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында өтөт.
Ош облусу
Чоң-Алай району — Даарот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө 5-августта саат 10:00дө өтөт;
Алай району — 5-августта саат 15:00дө маданият үйүндө;
Кара-Кулжа району — 6-августта Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө;
Өзгөн району — 6-августта саат 16:00дө райондук мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында;
Ноокат району — 7-август күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
Араван районундагы жолугушуу 7-августка белгиленди, дареги райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залы, саат 15:00;
Кара-Суу району — 8-августта саат 10:00дө райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында;
Ош шаарындагы жолугушуу 7-августта 18:00дө С.Ибраимов атындагы драма театрында өтөт.
Нарын облусу
Кочкор районундагы жолугушуу 5-августта Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
Жумгал району — 5-августта Чаек айылындагы "Соң-Көл" кинотеатрында 15:00дө башталат;
Нарын шаары жана Нарын району — 6-августта Нарын шаарындагы облустук драма театрында 10:00дө башталат;
Ат-Башы району — 6-августта 15:00дө "Чатыр-Көл" кинотеатрында болот;
Ак-Талаа району — 7-августта 10:00дө Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө өтөт;
Тогуз-Торо району — 8-августта 10:00дө райондук маданият үйүндө өтөт.
Ысык-Көл облусу
Балыкчы шаары боюнча жолугушуу 9-августта саат 10:00дө Э.Дубанаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында өтөт;
Ысык-Көл району — 9-августта 15:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында;
Түп району — 12-августта Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүнүн жыйындар залында саат 10:00дө башталат;
Каракол шаары, Ак-Суу району боюнча — 12-августта 15:00дө Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театрынын жыйындар залында өтөт;
Жети-Өгүз району — 13-августта Кызыл-Суу айылындагы маданият үйүнүн жыйындар залында 10:00дө болот;
Тоң району — 13-августта 15:00дө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт.
Жалал-Абад облусу
Токтогул районундагы жолугушуу — 12-августта А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө 10:00дө башталат;
Кара-Көл шаары — 12-августта 16:00дө Энергетик атындагы маданият үйүндө болот;
Таш-Көмүр шаары — 13-августта саат 10:00дө шаардык маданият үйүндө өтөт;
Аксы району — 13-августта Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият үйүндө 16:00дө башталат;
Чаткал району — 14-августта 09:00дө Ч.Айтматов атындагы маданият үйүндө өткөрүлөт;
Ала-Бука району — 14-августта Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 16:00дө башталат;
Майлуу-Суу шаары — 15-августта шаардык маданият үйүндө 10:00дө өтөт;
Ноокен району — 15-августта 15:00дө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
Базар-Коргон району — 16-августта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 10:00дө өтөт;
Сузак району — 16-августта 15:00дө Сузак райондук райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
Жалал-Абад шаары — 17-августта Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрында 10:00дө башталат.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы жолугушуу Нарын облусуна барганда уюштурулат.
Чүй облусу
Кемин району боюнча жолугушуу — 19-августта 10:00дө Кемин шаардык маданият үйүндө болот;
Токмок шаары, Чүй району — 19-августта 15:00дө Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында өтөт.
Ысык-Ата району — 20-августта 10:00дө Кант шаардык маданият үйүндө болот;
Аламүдүн району — 20-августта 15:00дө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
Сокулук району — 21-августта 10:00дө Шопоков шаардык маданият үйүндө өтөт;
Москва району — 21-августта 15:00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
Жайыл району, Кара-Балта шаары — 22-августта 10:00дө Кара-Балта шаардык маданият үйүндө өтөт;
Панфилов району — 22-августта 15:00дө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өтөт;
Бишкек шаары — 2-августта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат.
Садыр Жапаров Бишкектен VIP-вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды. Сүрөт