Радио

Мукамбетов: эки берене менен кесилгендерге пенсия чегерилбейт

Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө байланыштуу жашы жете элек балдарды зордуктоо беренеси менен абакка кесилген жарандарга пенсия берилбей турганын айтты.
Sputnik
Эки берене менен абакка кесилгендер жаза өтөп жаткан учурунда пенсиялык укугунан ажыратылат. Алар — жашы жете элек балдарды зордуктоого жана терроризмге айыпталып соттолгондор. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандын жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң анын пенсиясы калыбына келтирилет.
"Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө байланыштуу эки берене менен соттолгондор жаза өтөгөн мөөнөтүндө пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүн да ала алышпайт. Башкача айтканда, пенсия алуу укугунан толугу менен ажыратылат. Булар — жашы жете элек балдарды зордуктоого айыпталгандар жана терроризм боюнча соттолгондор. Мыйзам бузуп соттолуп, берилген мөөнөтүн өтөп чыгышкан соң бул категориядагы бардык адамдардын пенсиясы калыбына келтирилет. Ал эми жаран соттолгондон кийин пенсияга чыгуу курагына жетсе отурган мекеменин администрациясы аркылуу пенсияга чыга алат", — деди Мукамбетов.
Ал жазасын өтөп жаткан жарандарга пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү төлөнө берерин, ал мамлекет кепилдебеген, жарандын өзү иштеп тапкан каражаты болгондугу менен түшүндүрдү.