Ийгиликсиздикке да кубанганды үйрөндүм. 10 жыл миграцияда жүргөн Нурлан ири электрондук ишкерлигинин сырлары менен бөлүштү.

Sputnik
Ишкерликке болгон ар бир кадам, мейли ал ийгиликсиз болсо да сенин максатыңа жакындатат, дейт бүгүнкү биздин каарманыбыз. Көптөгөн кыргыз жаштары сымал бактысын башка жактан издеп көрүүнү чечип, 10 жыл бою мекенден алыс жерде, эмгек миграциясында жүргөн Нурлан, өз ордун электрондук соодадан тапкан. Кыска убакытта чоң кирешеге чыгып, бизнесин ой-кырларын үйрөнүп, өзү сыяктуу бул тармакка кызыккандарга кеп-кеңешин да берип келет. Электрондук ишкерликти баштоодо кандай кыйынчылыктар бар? Эмнеге көңүл буруу керек? Ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттар керектелет?
Ушул жана башка суроолорубузга “Стимул” программасынын алкагында жооп алабыз.