Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Бишкек бийлиги аймактан келген айдоочуларга шаарга кирбеши үчүн стимул берерин айттыОлимпиада алкагында кыргызстандык Петрашов 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышатОш жана Жалал-Абад облустарындагы 46 кендин лицензиясы аукционго коюлду алдыда кененирээкАймактардан келген айдоочулар автоунаасы менен шаарга кирбеши үчүн стимул берилет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди. Ага журналист мэриянын тыгын менен күрөшүүнүн алкагында Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу демилгеси тууралуу суроо узаткан. "Ооба, бул дагы биздин демилгелерибиздин бири. Ал акча жыйноого гана багытталган эмес, негизги максат — унаа тыгыны көйгөйүн чечүү. Биз азыр автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатабыз, ал жакта атайын унаа токтоочу жайлар болот. Башка шаарлардан жана аймактардан келген айдоочулар унааларын токтотуп коюп, бара турган жерине коомдук транспорт менен жетип алат. Ошондой эле айдоочу унаасын токтоткону үчүн алган бонусун жол кире катары колдонуу системасын да иштеп чыгуудабыз. Муну менен биз аларды автобекетке чейин келип, андан ары автобус менен жүрүүсүнө түрткү берген болобуз", — деди Жунушалиев. Мэр бул чара шаардын экологиясына да оң таасирин тийгизерин кошумчалады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматы Ош жана Жалал-Абад облусундагы 46 кенди аукционго койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, объектилердин баасы жайгашкан жери менен кендин түрүнө жараша болот. Ош облусунда 41 кендин аукциондору сентябрда өтөт: 16-сентябрда — Чоң-Алай районунда; 17-сентябрда — Алай районунда; 17-сентябрда — Араван районунда; 18-сентябрда — Ноокат районунда; 19-сентябрда — Өзгөн районунда; 20-сентябрда — Кара-Суу районунда. Ошондой эле мекеме Жалал-Абад облусундагы беш кенди койду. Булар боюнча аукцион 13-сентябрда Ноокендин администрациясында өтөт. Катышууну каалагандар документтерин 9-сентябрь саат 18:00гө чейин Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 2, №305 кабинетке тапшырышы керек. Сурап-билүү үчүн 904 040 (+1049) номерине чалып же www.geology.kg сайтынан керектүү маалыматтарды алса болот.
Эртең, 30-июлда Париждеги Олимп оюндарынын алкагында кыргызстандык суучул Денис Петрашов экинчи ирет күч сынашат. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат. Бул жарышка жалпы 25 спортчу чыгат. Жарым финалга чыгуу үчүн ТОП-16га кириш керек. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. 27-июлда Денис Петрашов Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өтүп, 1 мүнөт 0,42 секунда менен келип, 8-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 4 тыйынга 1 евро 91 сом 19 тыйынга 1 рубль 98 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ30-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 20 метрге чейин жетет. 30-июль, шейшембиде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +26...+31, Ош жергесинде +30...+35, Жалал-Абад менен Баткен облустарында +33...+35 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +34...+36, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +27...+29 градуска көтөрүлөт.