Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталдыАКШда Украина боюнча күтүүсүз божомол айтылдыПрезидент элчиликтерге батир жана кеңселерди мамлекет сатып берерин айттыалдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча “Кабар” улуттук агенттигине комментарий берди. Президент мындан ары дипмиссиялар үчүн имаратты, батирлерди мамлекет сатып берерин айтты. Себеби ижарага алганда чыгымы көп болууда. «Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир. Эгер тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак", деген өлкө башчысы. Президенттин маалыматына караганда, Кыргызстандын 30 өлкөдө элчиликтери, 11 өлкөдө консулдуктары, БУУда өкүлчүлүгү бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет.
Бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун үчүнчү туру башталды. Арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Кабыл алуунун биринчи жана экинчи турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү. II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды. 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.
Өлкөдө телефонду милдеттүү каттатуу 15-августка чейин жылдырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул мөөнөткө чейин каттоодон өтпөгөн уюлдук опператорлордун абоненттеринин аппараттары өчүрүлбөйт. "Кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, анын ичинде кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерине жүктөлөт", — деп жазылат маалыматта. Эске салсак, министрлер кабинети жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, уурдатпоону жана телефон алдамчылыгын жоюу максатында 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизген.
Украина өз абалын өзгөртүп, жеңилүүдөн кутула албайт. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Украинанын абалын рак илештирген бейтап менен салыштырган. "Украина үчүн баары кеч болуп калды. Маңдайга эмне жазылганы белгилүү болуп калды, ал ишке ашыш үчүн убакыт керек. Бул рак менен ооруган адамдын дарыгерге келгенине окшош. Бейтап жакшы кабарды эшиткиси келет, бирок дарт өрчүгөнүн токтотпой алты айдан кийин өмүрүн алат. Украинадагы абал дагы ушул сыяктуу", — деди ал. Аналитиктин айтымында, аскердик аракеттер токтобойт, бирок эсеп-чоттор украин күчтөрүн багынууга мажбурлай турганын белгилеген.