Өлкөдө жыл сайын сүттү сатып алууда талаш жаралат — Сүт тармагындагы көйгөйлөрдү кантип чечүүгө болот?

Sputnik
Сүттүн баасы кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында сүттүн майлуулугуна карап бекитилди. Эми майлуулугу төрт пайызды көрсөткөн чийки сүттү завод 40 сомдон сатып алат. Кыргызстанда сүттүн баасы дүйнөлүк рынокко салыштырмалуу эки эсе жогору. Эгерде сүттүн наркы дагы көтөрүлө берсе, өзүбүздүкүн эчким албай калат. Эл аралык базарга ылайыкташ керек. Антпесе терс таасирин тийгизип, сүт сектору жоголуп кетиши ыктымал. Кыргыстанда бул тармак жакшы өнүккөн.
Сүт секторун өнүктүрүүдө санариптештирүү керектигин кайра иштетүү жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев айтты.