Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
ТИМ башчысынын орун басары Россиянын элчиси менен жолуктуТүркия министри Израиль премьери Нетаньяхуга Гитлердин тагдырын убада кылдыӨлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралуудаалдыда кененирээкӨлкөдө көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, учурда орган алмаштыруу керек болгондо туугандар гана донор боло алат. "Азыр 2 600 адам гемодиализ алууда, булар бөйрөгү ооругандар. 18,5 миң киши гепатит, боордун циррозу менен жабыркайт. Бизде эң чоң көйгөй — донор табуу. Азыр ЖК депутаттары менен сүйлөшүп, ыктыярдуу жана көз жумгандан кийинки донорлукту көбөйтөлү деп жатабыз. Башка өлкөлөрдө бул ыкма колдонулуп келет. Биз ошону мыйзамга киргизсек муктаждык маселеси чечилет", — деди Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ага "тууганчылыгым жок, бирок досум, кошунам донор болууга даяр, уруксат бериңиздер" деп келгендер көп экенин айтты. Ал учурда 150 адам бөйрөк, 15 бейтап боор алмаштыруу үчүн кезекте турганын кошумчалады.
Ошону менен катар эле министр өлкөдө алгачкы ирет чучук алмаштыруу боюнча операция 2-августта жасаларын айтты. Анын айтымында, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат. "Президент органдарды өлкө ичинде алмаштыруу боюнча тапшырма койгон. 15-февралдан бери бөйрөк акысыз алмаштырылууда.Учурда чучук алмаштыруу үчүн тийиштүү жабдыктар алынды. 2-августта төрт жаранга акысыз операция кылуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө", — деди Бейшеналиев. Ал ошондой эле катарлык дарыгерлердин жардамы менен 168 тубаса дүлөй балага операция жасалып, эми чоңдорго дагы жасоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту. Анда консулдук чөйрөдөгү кызматташтык жана миграция маселеси талкууланып, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын духунда эки тараптуу байланышты, мекемелер аралык кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленген. Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча иштешүүгө даярдыгын билдирди.
Газа тилкесиндеги кырдаалга жоопкер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун тагдыры нацисттердин лидери Адольф Гитлердикин кайталашы мүмкүн. Бул туурасында Түркия ТИМинин жетекчиси X тармагына жазды. Түркиянын тышкы саясат боюнча министрлигинин башчысы Хакан Фидан президент Режеп Тайип Эрдогандын Түркия Израилге Ливия менен Карабахтагыдай кирип барышы мүмкүндүгү боюнча айтканына комментарий жасаган. Ал Эрдоганга "адамзаттын абийиринин үнү" болду деп баа берди. "Эл аралык сионисттик чөйрөлөр, бул үндү басууга биринчи иретте аракет кылган Израиль дүрбөлөң болуп жатат. Геноцид кылган жана аларды колдогондордун тарыхы бирдей аяктайт", — деп жазган министр. Израиль ТИМинин башчысы Исраэль Кац Эрдоган Саддам Хусейндин жолуна түшүп, Израилге чабуул коюу туурасында айтып коркутуп жатат деп, бирок Ирактын тагдыры кандай болгонун эске алып коюу керектигин айткан.