Бүткүл дүйнөлүк гепатитке менен күрөшүү күнүнө карата Кыргызстанда 10 күндүк акция өтүүдө

Sputnik
28-июль Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндү утурлай Кыргызстандын бардык аймактарында 10 күндүк акция жүрүүдө. Анын алкагында жарандарга гепатит жугуштуу оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жана аны аныктоо, эмдөө жүргүзүлөт. Ал үчүн жарандар жашаган жериндеги үй-бүлөлүк клиникаларга барып, анализ тапшыра алат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 130 миңден ашык адам гепатитке каршы эмдөөдөн өттү. 2022-жылдын аягынан тартып республикада 1 млн 139 миң киши гепатиттерге акысыз текшерүүдөн өтүп, 30 608 кишиден гепатит дарттары аныкталды. Анн ичинен В гепатити менен - 20 168, С гепатити- 10 440ду түздү.
Кан аркылуу жугуучу бул дартты даарылоо мамлекеттин эсебинен бекер жүргүзүлүп жатканын Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова маалымдады.