Аймактык территориалдык реформа кайсы этапта?

Sputnik
Өлкөдө аймактык территориалдык реформанын башталганына бир жылдан ашты. Бул аралыкта айыл аймактарын жана шаарларды ирилештирүү иштери жыйынтыкталды. Анын негизинде учурда 8 696 муниципалдык кызматкер болсо, реформадан кийин 4 768и ордунда калары айтылды. Бирок ар бир айыл аймагы муктаждыгына жараша кызматкерлерди контрактык негизде ишке ала алары кошумчаланды.
Реформа кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков буларга токтолду.