Садыр Жапаров Бишкектен VIP-вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды. Сүрөт

Өлкө башчы бүгүн Бишкек-2 темир жол бекетине капыстан барып, андагы оңдоп-түздөө иштерин көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров Бишкектен VIP-вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы бүгүн, 28-июлда, борбор калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине капыстан барып, андагы оңдоп-түздөө иштерин көргөн.
1 / 4

Садыр Жапаров Бишкектен VIP-вагонго түшүп Балыкчыга сапар алды

2 / 4

Мамлекет башчы бүгүн, 28-июлда, борбор калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине капыстан барып, андагы оңдоп-түздөө иштерин көргөн

3 / 4

Президентке "Кыргыз темир жолунун" башчысы Балыкчы—Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу тууралуу маалымат да берген

4 / 4

Анын айтымында, жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда

Президентке "Кыргыз темир жолунун" башчысы Балыкчы—Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу тууралуу маалымат да берген. Анын айтымында, жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.
Андан соң Садыр Жапаров поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кеткен.
Бишкектен Балыкчыга чейинки поезд эми күн сайын каттамай болду