Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: Украинага F-16ларды берүү согуштагы абалды өзгөртүп деле жибербейт

Украинадагы тиешелүү адистердин жоктугу жана Россиянын абадан кол салынганда коргоно турган системасынын кубаттуулугу сырткы жардамды натыйжалуу кыла албайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Украинага жөнөтүлүп жаткан куралдарды Россия армиясы жок кылып жатат, Америка берчү F-16 истребителдер деле ошондой болот. Бул туурасында америкалык саясатчы Жон Миршаймердин айтканын РИА Новости жазды.
Эксперт Киевге бөлүнгөн бул техникалар (санына карабастан) абалга аралжы боло албастыгын белгиледи. Себеби — тиешелүү адистердин жоктугу жана Россиянын абадан кол салынганда коргоно турган системасынын кубаттуулугу.
"Эгерде истребител россиялык абадан кол салганда коргогон системага (бул дүйнөдөгү эң кубаттуу техника) жакындап келсе, сөз болуп жаткан жыйырма F-16 чачырап, күкүм болот (талкаланат)", — деген Миршаймер Daniel Davis/Deep Dive YouTube каналына берген маегинде.
Украинага F-16 согуштук учактарын берүүгө биринчилерден болуп Нидерландия менен Дания макул болгон. Ак үй Украина учкучтары машыгуудан өткөндөн кийин үчүнчү өлкөлөрдөн согуштук учактарды аларын ырастаган.
Голландиянын коргоо министри Кайса Оллонгрен Гаага Киевге алгачкы F-16 согуштук учактарын 2024-жылы жөнөтүүнү пландаганын билдирсе, Бельгиянын тышкы иштер министри Ажа Лябиб өлкө 2028-жылга чейин Украинаны отуз F-16 менен камсыздаарын, алгачкыларын Киев ушул жылдын аягына чейин кабыл алышы керектигин айткан.
Буга чейин Россиянын Гаагадагы элчиси Александр Шульгин голландиялыктардын Киевге F-16 согуштук учактарын жеткирүүсү Украинадагы чыр-чатактын созулуп кетишин шарттап, мындан жөнөкөй калк эле жабыркай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров НАТО Киевге F-16 берсе, ал өзөктүк тармактагы коңгуроо болорун айтты