Кыргызстанда көмүр экспортунун көлөмү бир топ азайды

Статком быйылкы беш айдагы көрсөткүчтү өткөн жыл менен салыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстан ушул жылдын январь-май айлары аралыгында 593,1 миң тонна көмүр (күрөң көмүр, таш көмүр) экспорттоду.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2023-жылдын ушул мезгилинде сыртка 792,7 миң тонна көмүр жөнөтүлгөн.

Таш көмүр

Өлкө январь-май ичинде 382 миң тоннадан көбүрөөк, жалпы баасы 16,9 миллион долларлык таш көмүр экспорттогон.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
Өзбекстан — 302,3 миң;
Кытай — 48,3 миң;
Бельгия — 14,2 миң;
Литва — 12,7 миң;
Казакстан —3,7 миң;
Польша — 1,5 миң.
2022-жылдын ушул мезгилинде 18,5 миң долларга 434,6 миң тонна таш көмүр сатылган эле.

Күрөң көмүр

Жогоруда айтылган беш айда 13,9 миң долларлык 211,1 миң тонна күрөң көмүр экспорттолгон.
Сатып алган өлкөлөр:
Өзбекстан — 206,2 миң тонна;
Кытай — 4,9 миң тонна;
Казакстан — 25 тонна.
Мурдагы жылдын он бир айында 358,1 миң тонна күрөң көмүр (11,8 миллион доллар) чет өлкөлөргө сатылган. Ал эми былтыр көмүрдү экспорттоо мындан да көп болгон.
2026-жылдан тарта "Газпром Кыргызстан" өлкөгө берчү газдын көлөмүн көбөйтөт