Путин АКШ Германияга ракеталарын жайгаштырса жооп кандай болорун эскертти

РФ лидери америкалык администрация менен Германиянын өкмөтү аталган өлкөгө 2026-жылдан тарта алыска атуучу, жогорку тактыктагы америкалык рекаталарды жайгаштыруу жөнүндө айткан билдирүүлөрүн эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Эгер АКШ Германияга курал-жарактарын жайгаштырса, Россия өзүн сокку уруу куралдарын жайгаштырууга жарыяланган мораторийден баш тартты деп эсептей баштайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда Аскердик-деңиз флотунун парадында айтты.
Ал америкалык администрация менен Германиянын өкмөтү Германияга 2026-жылдан тарта алыска атуучу, жогорку тактыктагы америкалык рекаталарды жайгаштыруу жөнүндө айткан билдирүүлөрүн эске салды.
"Алар Россиянын негизги мамлекеттик жана аскердик башкармалыктарынын имараттарына, административдик-өндүрүштүк борборлорго жана коргонуучу чептерге жете алат. Ракеталар кийинчерээк өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылса биздин аймактагы каалаган жерине 10 мүнөттө жетип келет", — деди Путин.
Анын айтымында, буга чейин АКШ окуу учурунда өзүнүн ракеталык жабдууларын Дания менен Филиппинге көчүрүүнү үйрөнгөн. РФ лидери бул кырдаал Американын орто алыстыкка атуучу ракеталарын Европага жайгаштыруу менен байланышкан кансыз согушту эске саларын белгиледи.
"АКШ мындай ойлорун ишке ашырса, анда биз буга чейин өзүбүзгө бир тараптуу алган мораторийди, тагыраагы, орто жана кичи аралыкка сокку урган куралдарды жайгаштырууга салынган тыюуну четке кагабыз, анын ичинде Аскердик-деңиз флотубуздун жээктеги аскерлерин күчтөндүрөбүз", — деп кошумчалады Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунуштар эмнеге көбөйгөнүн түшүндүрдү