Путин Россия Аскердик-деңиз флотунун кубатын мындан да арттырарын айтты. Видео

Матростордун мекенине болгон өзгөчө мамилесин айтып, алардын кайраттуулугун жана эрктүүлүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россия өзүнүн Аскердик-деңиз флотунун күчүн, абадан коргонуучу системаларды өнүктүрүүнү улантат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Россиянын Аскердик-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Ал ириде россиялык аскерлерди бул даталуу күн менен куттуктаган. Муну менен бирге матростордун мекенине болгон өзгөчө мамилеси, алардын кайраттуулугу жана эрктүүлүгү туурасында айткан.
"Алардын берилгендиги жана майтарылбас кулк-мүнөзү, антына, берилген сөзүнө тургандыгы, рухунун күчтүүлүгү, тартиптүүлүгү жана тарбиясы. Бул сапаттарды тарбиялоо — ата мекендик флоттук билим берүүнүн маанилүү милдеттеринин бири", — деген Путин жоокерлерди куттуктап жатып.
Президент, андан сырткары, Россиянын флоту заманбап куралдар менен дайыма толукталып турарын айткан.
"Мунун баары биздин флотубузду тынымсыз толуктап турган заманбап кемелерди жана куралдарды башкаруу үчүн өтө зарыл. Биз чалгынды, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө абадан кол салуудан коргонуучу системаларды өнүктүрүүнү улантабыз", — деген ал Петербургда парадда сүйлөп жатып.
Суу алдындагы жана үстүндөгү, деңиз авиациясы жаатында кубаттуулукту күчтөндүрүү уланарын белгилеген.
"Кемелерди жаңы муундагы жогорку технологиялык техникалар жана гиперүндүү ракеталык комплекстер менен жабдыйбыз", — деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путинди көңүл коюп уккула. Америкалык чалгынчы россиялыктарга кайрылды