Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Алардын амалы". Патрушев Киевдин сүйлөшүү темасын көтөрүп жатканы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Москва менен сүйлөшүү жөнүндө айтылган кеп — Киев менен Батыштын тыным алуу үчүн жасаган амалы. Мындай пикирин РФ президентинин жардамчысы Николай Патрушев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Зеленскийдин (Владимир) расмий президент болгон маалда өзүнө Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган жарлыгы бар. Бул биринчиден. Экинчиден, атайын аскердик операцияда Россия учурда үстөмдүк кылууда, ошого байланыштуу Киев менен Батыш тыныгып, күч топтоп алууну көздөп жатат", — деп билдирди Патрушев.
Президенттин жардамчысы алар тынчтык жолу менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эч нерсе жасабай жатканын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Россия менен тынчтык келишимге Зеленскийдин кеңсесиндегилер каршы