Олимпиада оюндары — 2024

Париждеги Олимпиаданын ачылышындагы кетирген каталар үчүн кечирим сурашты

Америкалык ишкер Маск X тармагындагы аккаунтуна христиандарды сыйлабастыктын ачык көрүнүшү болгонун жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Париждеги XXXIII жайкы Олимпиаданын уюштуруучулары аталган иш-чаранын ачылышындагы бир катар адамдарды кемсинткен кээ бир сценалар үчүн кечирим сурашты. Тагыраагы, бул Леонардо да Винчинин "Жашыруун кече" картинасына жасалган пародия болгонун РИА Новости жазды.
Ачылыш салтанат 26-июлда өткөн. Социалдык тармактын бир топ катышуучулары "Жашыруун кечеге" жасалган пародияга трансвеститтер менен ЛГБТ* коомчулугунан катышкандыгына нааразы болушкан.
Америкалык ишкер Илон Маск X тармагындагы аккаунтуна аны христиандарды сыйлабастыктын ачык көрүнүшү болгонун жазды. Андан сырткары, ачылышта Эл аралык олимпиада комитетинин желеги тескерисинен көтөрүлгөн. Диктор парад учурунда Түштүк Кореянын командасын жаңылышып, Түндүк Кореяныкы деп жар салган.

"Албетте, кимдир бирөөнү мазактайлы деген ой болгон эмес. Коомдун толеранттуулугун майрамдайлы дегенбиз, биз айткан сандар ойлогон нерсени аткара алганыбыздан кабар берет. Эгерде мазактоого кабылдым дегендер болсо биз, албетте, алардан кечирим сурайбыз", — деген уюштуруу комитетинин коммуникация боюнча директору Энн Дескам журналисттерге берген брифингде.

Андан мурдараак салтанаттын мыкты учурларынын видеосу уюштуруу комитетинин расмий ресурсунан өчүрүлгөнү маалым болгон.
* Уюм Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылган жана тыюу салынган
64 өлкө баш тартканы менен баары бир өткөн Олимпиада-80. Видео