Олимпиада оюндары — 2024

Бүгүн Парижде дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу намыс талашат

Кыргызстандык спортчу беттешин 1/16 финалдык баскычтан баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн, 28-июлда, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу (66 кг салмактагы категорияда) Кыргызстандын намысын коргой турганын ККыргызстандын олимпиадалык курама командасынын расмий маалымат каналы билдирди.
Кыргызстандык спортчу беттешин 1/16 финалдык баскычтан баштап, украиналык Богдан Ядов менен күч сынашат. Беттеш Бишкек сааты боюнча 14:00дө башталат.
Украиналык дзюдочу Богдан Ядов
Айбек уулунун атаандашы 27 жашта, Эл аралык дзюдо федерациясынын маалыматы боюнча, ал дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Богдан Ядов 2022-жылдагы Европа чемпиону, 2023-жылы Парижде өткөн Чоң шлемдин жеңүүчүсү.
Ядов буга чейин кыргызстандык дзюдочулар менен эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен. Тагыраагы, 2014-жылы жаштар арасындагы чемпионатта Алтынбек Алмаз уулун, 2019-жылы Тель-Авивде болгон Гран-приде Руслан Турсуналиевди утуп алган.
Айбек уулу менен Ядов буга чейин беттешкен эмес.
Олимпиада оюндары — 2024
Париждеги Олимпиадада суучул Денис Петрашов жарым финалга өтө албай калды