Олимпиада оюндары — 2024

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадада утулуп калды

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Париждеги Олимпиадада, тилекке каршы, утулуп калды.
66 килограммдык салмак категориясындагы спортчу 1/8 финалдык баскычта украиналык Богдан Ядов менен күч сынашкан.
Айбек уулу күрөштүн башында активдүү чабуул жасап, ал тургай атаандашы эки жолу эскертүү алган. Мелдештин соңунда Ядовго иппон менен жеңилип калды.
Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргогонго биринчилерден болуп кечээ суучул Денис Петрашов чыккан. Бирок ал да жарым финалга чыкпай калган.
Эске салсак, Парижде башталган жайкы Олимпиада оюндары 11-августка чейин өтөт. Анда 329 комплект медаль ойнотулмакчы. Кыргызстандын намысын бул таймаштарда 16 спортчу коргомокчу.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада-24: кыргызстандык үч спортчунун атаандашы аныкталды. Тизме