Лавров Россияга артылган кезектеги ишеним тууралуу айтты

Министр Американын өзөктүү куралдарын аймакка жайгаштыруунун кооптуулугу туурасында да эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү Россияга ишеним артып, аймактагы маселелерди, тагыраагы, АКШнын да аралашуусунан жаралган көйгөйлөрдү жөндөп, бул жаатта роль ойной турган мүмкүнчүлүгүн көрүп жатышат. Мындай пикирин РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
"Бизди (Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү — ред) аймакта АКШ башында туруп тартынбай, уялбай эле өзүнүн стратегиялык куралдарын кошкондо аскердик инфраструктурасын киргизип жаткандарга каршы туруучу баланстаган жана турукташтыруучу фактор катары көрүп жатышат", — деген Лавров Малайзиядагы сапары боюнча берген жыйынтыктоочу маалымат жыйында.
Ал АКШнын өзөктүү куралдарын аймакка жайгаштыруунун кооптуулугу туурасында да айткан.
"Эгерде бул кесепеттүү жана тобокелге салган (Америкалык өзөктүк куралдарды башка өлкөлөргө жайгаштыруу — ред.) тажрыйба Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө да колдонулса, ал жакшылык деле алып келбейт, тобокелдик артат",— деп кошумчалаган Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунуштар эмнеге көбөйгөнүн түшүндүрдү