Израилдин авиациясы "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урду

"Хезболланын" башында тургандардын бири РИА Новостиге аталган калктуу жайды алардын кыймылы аткылады деген маалымат төгүн экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. "Израилдин авиациясы 27-июлдан 28-июлга караган түнү Ливан өлкөсүнүн түпкүрүндөгү жана түштүк аймагындагы "Хезболла" кыймылынын бир нече объектилерине сокку урду." Бул туурасында РИА Новости Израилдин коргонуу армиясына шилтеме кылып жазды.
Сокку урулган объектилердин ичинде курал сакталган жайлар да бар экени айтылган.
Алар: Чабриха, Бордж-эль-Чмали, Кфаркела, Раб-эль-Талатин, Хиам жана Тайр-Харфа калктуу пунктуларындагы буталар да талкаланганы айтылган.
Буга чейин ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэль Хагари Маждаль-Шамс калаасын аткылагандан кийин көз жумгандардын саны 12ге жеткенин билдирген. Анын айтымында, чабуул ирандык өндүрүштөн чыккан "Фалак-1" ракетасы менен атышкан. Израилдин Тез жардам кызматынын маалыматында, 19 киши ооруканага жеткирилген, алардын алтоосунун абалы оор.
Израиль премьер-министринин кеңешчиси Дмитрий Гендельман Бейруттагы окуянын жоопкерчилигин биринчилерден болуп шииттердин "Хезболла" кыймылына жүктөгөн. Бул Ирандын ишараты менен жасалды деген. ЦАХАЛ ракета Ливандын түштүк тарабынан атылды деп жарыя кылган.
Ошол эле учурда "Хезболланын" башында тургандардын бири РИА Новостиге аталган калктуу жайды алардын кыймылы аткылады деген маалымат төгүн экенин, буга катыштыгы жоктугун билдирген. Ливан жай жашоочуларга кол салууну айыптап, бардык согуштарды токтотууга чакырган.
"Хезболланын" өкүлдөрү БУУга трагедияга Израилдин ракетадан коргонуучу системасынан кулап түшкөн тосмо ракетасы себеп болгонун айтышты.

Израиль менен Ливандын мамилесинин курчушу

Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал былтыр октябрдан тарта Израилдин Газа тилкесиндеги согуштук кадамдарын баштагандан кийин курчуп кетти. ЦАХАЛ менен "Хезболланын" мүчөлөрү бири-биринин позицияларын күн сайын аткылап жатышат.
Ливан ТИМинин маалыматына караганда, 100 миңдей адамга аткылоодон улам үй-жайын таштап качууга туура келген. Тель-Авив еврей мамлекетинин 80 миңге чукул жашоочусу да ушундай кырдаалга калганын билдирген.
Израилдин аба күчтөрүнүн соккусунан улам Ливанда бир нече жарылуу болду