Радио

Экономикалык кылмыштар үчүн эми ишкерлер, инвесторлор камакка алынбайт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова президент Садыр Жапаров кол койгон, ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон мыйзам боюнча айтып берди.
Sputnik
Экономикалык кылмыштар үчүн эми ишкерлер, инвесторлор камакка алынбайт. Анын ордуна күрөө колдонуу же үй камагына алуу каралат. Бул тууралуу Айнура Усенбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып бизнеске тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлерге карата катаал чаралар киргизилди.
"2024-жылдын 22-июлунда президент Садыр Жапаров "Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзамга кол койду. Мында ишкердикти каттоодо ишмердигине кийлигишип, тоскоолдук кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, экономикалык кылмышка айыпталгандардын бөгөт чарасын жеңилдетүү камтылган. Эми экономикалык кылмыштар үчүн ишкерлер, инвесторлор камакка алынбайт. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, экономикалык ишти жүргүзгөн ишкердик субъектилерге карата бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу мүмкүнчүлүгү камтылды", — деди Усенбекова.