Чачты трансплантациялоо ыкмасы Кыргызстанга эки-үч жыл мурда келген. Мындай процедура бизде деле өнүккөн өлкөлөрдөй сапаттуу жана акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жасалат. Бул тууралуу Санжар Батыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чачты хирургиялык жол менен өстүрүүдө колдонулуучу каражаттар чет өлкөдөн алып келинет.
"Чач трансплантациясында дүйнө жүзү боюнча FUE жана DHI методдору колдонулууда. Эң акыркысы — DHI. Анда чачтын өсүп кетишине 100 пайыз кепилдик бар. Ал эми FUE ыкмасы менен жасалганда чачтын көбү түшүп калган учурлар болуп, эл арасында чач трансплантациясына болгон ишеним жоголгон. DHI ыкмасы пайда болгондон бери кайрадан кардарлары көбөйдү. Биз, кыргыздын дарыгерлери да дүйнөлүк жаңычылдыктардан артта калбай жарандарга жеткиликтүү медициналык шарттарды түзүү аракетиндебиз. Чачты коюуда DHI ыкмасын Кыргызстанга эки-үч жыл мурда алып келгенбиз. Бейтап кайрылганда анын чачынын көйгөйлүү жерин аныктайбыз. Ага диагнозду трихолог коёт. Ал эгерде бейтапка дары-дармек жардам бере албаса хирургиялык жол менен өстүрүп алууну сунуштайт. Кардарга алгач чач трансплантациялоо боюнча түшүндүрмө берилет. Анын макулдугу менен гана операция жасайбыз. Чачты көбөйтүүдө өзүнүн чачы гана колдонулат. Тагыраагы, өзүнө өзү донор болот. Желке жагындагыларын алып келип маңдайына же такырайган жерине отургузабыз. Желке тараптагы чачтын 20 пайызы гана алынып, суюлуп калганы билинбейт. Атайын микроскоп менен бирден коюп чыгабыз. Бул жумуш аябай кылдаттыкты, чыдамкайлыкты, ден соолукту талап кылат. Чач транплантациясынын баасы клиникага жараша болот", — деди Батыков.
Ал Кыргызстанда хирургиялык жол менен чач өстүрүүнүн баасы 1000 доллар экенин кошумчалады.