Бишкекте таңга маал болгон автокырсыктан бир адам көз жумду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында Бишкекте болгон автокырсыктан бир адамдын өмүрү үзүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Ч.Айтматов көчөсү менен баратып, "Ак-Кеме" мейманканасынын тушуна келгенде транспортун башкара албай тосмону сүзүп токтогон. Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен жеринде бир адам каза болуп, үчөө ар кандай жаракат алган.
Жол милициясы автоунаа айып короого токтотулганын кошумчалады.
Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты