Австралиялык футболчу Оштогу клубга өттү

23 жаштагы спортчу мурда австралиялык чемпионаттардын клубунда гана ойноп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Австралиялык коргоочу Алекс Бакер Оштун "Алай" футболдук клубуна өткөнүн Кыргыз кесипкөйлөрүнүн футболдук лигасынан билдиришти.
Алекс Бакер
23 жаштагы спортчу мурда австралиялык чемпионаттардын клубунда гана ойноп келген. Анын соңку командасы Улуттук лигадагы "Мельбурн Шаркс" болгон.
Трансфердик мөөнөт жабылар алдында (26-июлга чейин) клубдар Россия, Нигерия ж.б. жактардан келген оюнчулар менен активдүү толукталууда.
Валерий Кичин Өзбекстандын "Локомотив" футболдук клубу менен келишим түздү