29-июлга карата аба ырайы

29-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июль, дүйшөмбүдө, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жергесинде +28…+33, Нарын өрөөнүндө +29…+34 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа менен Ош шаарында +37…+39, Чолпон-Атада +28...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
40 градуска чейин ысыйт. Кыргызстан боюнча 3-августка чейинки аба ырайы