Кыргыз кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө даңазалаган "Оймо" фестивалы

Sputnik
Бишкекте салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтүүдө. Ага Индия, Монголия, Мексика, АКШ, Малайзия, Норвегия, Швеция, Кувейт өлкөлөрүнөн жүздөгөн кол өнөрчү, музыканттар, ашпозчулар, дизайнерлер жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү келип катышууда. Иш-чарада 12 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулат. Фестивалдын алкагында "Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт" улуттук сынагы жана "Мыкты мастер" жана "Мыкты насаатчы" эл аралык сынактары өткөрүлөт.
Иш-чара тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиндеги улуттук маданий борборунун башкы адиси Нуркан Молдобаева жана уюштуруучу, этнодизайнер Бурул Мамбетова айтып берди.