Өзүн-өзү өнүктүрүүчү окутуулардын жубайлардын мамилесине таасири кандай болууда?

Sputnik
Учурда үй кожойкелерин өзүн-өзү өнүктүрүүгө, жекелигин сыйлоого чакырган окутуулар популярдуу. Аны менен катар мунун барын үйрөткөн коуч, мастерлер арбын. Алардын негизги максаты кызылдай акча табуубу же коомду өнүктүрүүбү? Алардын айрымдары адамдын жашоосуна пайдасына берсе, кээ бирлери терс таасирин тийгизет.
Бүгүнкү күндө коучтардан жабыркагандардын көбү аялдар. Алар үй-бүлөнүн ынтымагын сактап калуунун аркетинде чала сабаттуу коуч, тренерлердин курмандыгы болуп келет. Мындан улам сабаттуу, дипломдуу коуч, психологдор мындай адистерди ылгап, изилдеп барыш керектигин кеңеш беришет. Учурдагы жубайлар бири-бири менен ийри отуруп туз суйлошо албай, ортомчулар керек болгон денгээлге келип жеткенине эмне түрткү болууда? Бул окутуулар аялдарды тескерисинче эгоцентризмге үйрөтүп жаткан жокпу? Мындай курстарды ким көзөмөлдөшү керек?
Жана башка ушул суроолорго биздин “Көз Мончок” программабыздан жооп ала аласыздар.