Милиция Сокулукта кордолгон өспүрүм боюнча такталбаган маалымат таратпоого чакырды

Милиция жабырлануучу жана шектүүнүн улуту ар башка экендиги тууралуу такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Сокулукта өспүрүмдү бутун өптүрүп, санына бычак сайып кордогон 19 жаштагы уландын иши "Бейбаштыктан" "Уруп-сабап кыйноого" өзгөртүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Эске салсак, буга чейин өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган. Анда өзүн Принц деп атоону талап кылган жигит жаш балага бутун өптүрүп, андан кийин санына бычак сайганын көрүүгө болот. Бул боюнча Чүй ОИИБи маалымат берип, шектүү кармалып "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 19 жаштагы Ч.И. экени аныкталган.
Ошондой эле милиция жабырлануучу жана шектүүнүн улуту ар башка экендиги тууралуу такталбаган маалыматты таратпоого чакырды. Бул улут аралык жаңжалды тутантышы мүмкүн экени эскертилди.
Токмоктун борбордук аянтында окуучулар мушташты. Видео