Радио

МИКтин уставдык капиталы 4,4 миллиард сомго жогорулады

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева ушул жылдын жарым жылдыгына карата МИКтин уставдык капиталы 21,7 миллиард сомдон ашканын айтты.
Sputnik
Кыргыз фондулук биржасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акциялары сатыкка коюлуп, баалуу кагаздардын соода көлөмү 4 миллиард 472,6 миллион сомго жетип, бардык сумма компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Бул тууралуу Жылдыз Бекбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Газпром банк" тарабынан ушул жылдын күз айларында ипотекалык турак жайлардын курулушуна 5 миллиард сом бөлүнөрү күтүлүүдө.
"Мамлекеттик ипотекалык компаниясы "Менин үйүм — 2021-2026" программасын натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында каржы булактарын көбөйтүп, эл аралык донорлор менен тыгыз иштешип келет. Бүгүнкү күндө мекеме Кыргыз фондулук биржасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акцияларын сатыкка коюп, баалуу кагаздардын соода көлөмү 4 миллиард 472,6 миллион сомго жетти. Бул каражаттар да компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшалат. Ушул жылдын жарым жылдыгына карата МИКтин уставдык капиталы 21,7 миллиард сомдон ашты. Мындан тышкары, "Газпром банк" турак жайлардын курулушуна 5 миллиард сом бөлгөнү жатат", — деди Бекбаева.
Ошондой эле ал МИК ипотекалык насыялоо жаатындагы жалгыз ыйгарым укуктуу мекеме болгондуктан капиталды көбөйтүп, калкты сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу ишине көңүл буруп жатканын кошумчалады.