Мыйзам баарына бирдей! Жарандар жиберген видео боюнча жолтандабаска чара көрүлдү

Жарандар Караколдо жол эрежесин бузуп жүргөн айдоочуга чара көрүүнү өтүнүп видео жөнөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жарандар жиберген видео боюнча жолтандабаска чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандар Караколдо терезесин мыйзамсыз караңгылатып, бирок 39 миң сом айыбын төлөбөй жүргөн Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаага чара көрүүнү өтүнүп видео жөнөтүшкөн.
Ысык-Көл облусунун жол тескөөчүлөрү айдоочуну таап, 20 миң сом айып салып, унаасын айып короого токтотушкан.
"Мыйзам баарына бирдей! Lexus GX 470 унаасы терезелерин уруксатсыз караңгылатып алгандыгы үчүн 20 миң сом айып салынып, айып короого киргизилди", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардын кайрылууларын түз кабыл алган 0777 102-102 WhatsApp номерин ишке киргизген.
ИИМ "Коопсуз шаардын" айып каттарын жеткирүүгө 31,2 млн. сом сарптайт