Байсалов: өкмөт басымды тышкы миграцияга эмес, жумуш орундарын түзүүгө жасайт

Быйыл "Социалдык келишим" программасы аркылуу 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өкмөт тышкы миграцияны көбөйтүүгө эмес, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүүгө көңүл бөлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясына катышкан. Жыйындын жүрүшүндө социалдык коргоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграциялык саясат жаатындагы иштердин жыйынтыгы каралды.
"Өкмөт тышкы миграцияны көбөйтүүгө эмес, тескерисинче, өлкө ичинде жумуш орундарын түзүп, эмгекчил жаштардын потенциалын толук колдонууну көздөп жатат. Ушуга байланыштуу соңку 15-20 жылдагы тышкы миграцияга көңүл буруу саясатын кайра карап чыгууга жана инерцияны өзгөртүүгө мезгил келди", — деди Байсалов.
Ошондой эле ал быйыл "Социалдык келишим" программасы аркылуу 20 миң үй-бүлөнү колдоо үчүн бюджеттен 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Былтыр Россияга мигранттар кайсы өлкөдөн көп келген. Инфографика