Олимпиада оюндары — 2024

Париждеги Олимпиадада суучул Денис Петрашов жарым финалга өтө албай калды

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 100 метрлик аралыкка брасс стилинде жарышка түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада суучул Денис Петрашов жарым финалга өтө албай калды.
Ал сууда сүзүү боюнча 100 метрлик аралыкка брасс стилинде жарышка түшкөн. Натыйжада Петрашов биринчи чабак урууда 1 мүнөт 42 миллисекундада марага келип, 23-орунду ээледи (36 спортчу катышкан). Ал жарым финалга чыккан 16 спортчунун катарына кошулган жок. Ошентсе да 30-июлда 200 метрлик аралыкка сүзүү боюнча жарышка катышуу мүмкүнчүлүгү бар.
Эске салсак, Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндары 11-августка чейин өтөт. Анда 329 комплект медаль ойнотулмакчы. Кыргызстандын намысын бул оюндарда 16 спортчу коргомокчу.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргыз спортуна оомат эми келди. Садыр Жапаров олимпиадачыларга ийгилик каалады