Чыныбай Турсунбековдун камактагы кызынын бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Парламенттин мурдагы төрагасынын кыздары кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталып кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Парламенттин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызынын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсү шектүүнү эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде камактан чыгаруу боюнча өтүнүч жасаган.
Сот тергөөчүнүн суранычын канааттандырып, шектүү Т.А.Ч. эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан чыгарылды.
Буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун эки кызын кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыптап кармаган. Анын бири Ч. кызы Б. ошондо эле үй камагына, Т.А.Ч. 24-августка чейин камакка алынган.
Кийин бул боюнча УКМК төрагасы комментарий берип, алар (Турсунбековдор) Максим Бакиевге тиешелүү "Акыл инвест банкты", Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен жана Чолпон-Атадагы 18 гектар жерди мыйзамсыз алышканын айткан.
УКМК: Абжалиев келтирген зыяндын ордун толтуруп, эркиндикке чыкты