Чүй облустук милициясы кадрлар резервиндеги бош орундарга сынак жарыялады. Талабы

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына сынак жарыялады.
Талапкерлердин документтери 15-августка чейин кабыл алынат.
Конкурс үч этапта өткөрүлөт:
биринчи этап — укук коргоо органдары үчүн бекитилген күч ченемдерин тапшыруу;
экинчи этап — тесттен өтүү (компьютердик технологияларды колдонуу менен же болбосо жазуу жүзүндөгү тест);
үчүнчү этап — аңгемелешүү.
Ошондой эле укук коргоо органдарынын кошумча талаптарына туура келиши шарт.
Кошумча маалымат алуу үчүн Аламүдүндүн Ленин айылындагы ПМК-3 дарегине же 0312 43 89 07 жана 0312 36 88 21 телефондоруна кайрылууга болот.
Мектеп директорлугуна бош орундарга сынак жарыяланды. Кимдер катыша албайт?