Бишкекте Борбор Азиядан барган советтик чалгынчы тууралуу тасма көрсөтүлөт

Сеанстын соңунда фильмдин режиссеру жана сценарийинин автору, тарых илимдеринин доктору Евгений Кожокин менен жолугушуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү, 30-июлда, Бишкектеги Русский домдо (Эркиндик проспекти, 2/1) саат 16:30да "Немец мугалими" даректүү тасмасы көрсөтүлөт.
Тасмада советтик чалгынчы Рахым Бурхановдун өмүрү баяндалат. Анын негизин Россиянын Мамлекеттик кинофондунда жана Мамлекеттик кинофотодокументтер архивинде сакталган кинохроникалык материалдар түзөт.

"Рахим бухаралык кадыр-барктуу үй-бүлөдөн чыккан. 1920-жылдары Германияда окуп, немец тилин жакшы билген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында чалгындоо органдары аркылуу немецтерге советтик Орто Азия менен алектенген структураларга кирүү үчүн жөнөтүлгөн. Адамгерчиликсиз сыноолордон өткөндөн кийин Бурханов улутчулдар СССРге жөнөткөн агенттер тууралуу маалымат алууга жетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Тасма эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана дипломдоруна ээ болгон.
Сеанстын соңунда фильмдин режиссеру жана сценарийинин автору, тарых илимдеринин доктору Евгений Кожокин менен жолугушуу болот.
Тасманы көрүүгө жана жолугушууга катышууну каалагандар катталуусу керек.
Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн утурлай миңден ашык шам жагылды. Видео