Радио

Этнодизайнер: чет өлкөлүк уздардан үйрөнгөнүмдү Кыргызстанга жайылттым

Этнодизайнер Бурул Мамбетова кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн шакирттери 5000ден ашарын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда кол өнөрчүлүккө кызыккан адамдар көп. Ата-бабадан калган салттуу өнөрдү өжөрлүк менен өздөштүрүп жаткандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Бурул Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл эле кол өнөрчүлүктү үйрөнүүнү көздөгөн 100дөй студент сабак алган.
"Биздин ата-бабалардан калган өнөрлөрдү кайра чет элдиктерден үйрөнгөн учурлар болду. Мисалы, малакай, чапан сыяктуу тигиши жок буюмдарды жасоону чет элдик ар кандай окууларга, долбоорлорго катышып жүрүп үйрөнүп келдим. "Ата-бабабыз жасап келген нерсени эмнеге биз кайра чет элдиктерден үйрөнүшүбүз керек" деп уялдым. Анан тигиши жок буюмдарды жасоону биздин жаштарга үйрөтө баштадым. Учурда 5000ден ашык шакиртим бар. Быйыл эле өнөр үйрөнүп, тажырыйба топтогусу келгендер 100дөн ашты. Ар кайсы окуу жайдан студенттер келип, үйрөнүп жатышат. Мен мугалим болгондон кийин башкы максатым — көп адамга үйрөтүп, ата- бабадан калган кол өнөрчүлүктү жаштарга калтыруу", — деди Мамбетова.
Ошондой эле ал мугалимге коюлган талаптардын оордугун белгиледи.
Тема боюнча:
Бишкектин борборундагы көз жоосун алган көрүнүш. Видео