Трамп Израилдин премьерине Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууну убадалады

Ал ноябрда кайрадан президенттик кызматка шайланып калса бул үчүн болгон күчүн жумшай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушууда ноябрда кайрадан президенттик кызматка шайланып калса Жакынкы Чыгышта тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн болгон аракетин жумшай турганын айтты. Бул тууралуу республикачыл саясатчы шайлоо алдындагы билдирүүлөрүндө айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган каардуу кол салуудан улам Трамп Израиль менен тилектештигин билдирген. Ошондой эле Ак үйгө кайтып келери менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө тынчтыкты орнотуу үчүн болгон күчүн жумшай турганын, АКШнын бардык аймактарындагы жогорку окуу жайларында антисемитизмдин жайылышына каршы күрөшөрүн убадалаган", – деп айтылат маалыматта.
Трамп: Байденге каршы төңкөрүш жасалды