ЕЭК министри: ЕАЭБ өлкөлөрү Индия менен соода келишимин иштеп чыгууга даяр

Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттери менен Индиянын ортосундагы соода жүргүзүү потенциалы жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү Индия менен кызматташуунун жаңы формаларын, анын ичинде преференциялык соода келишимин иштеп чыгууну кароого даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Сунил Бартвал менен жолугушууда билдирди.
Алар ЕЭК менен Индиянын соода кызматташтыгы жогорку потенциалга ээ экенин белгилешкен. Муну жүзөгө ашыруу үчүн соода жүгүртүүнүн түзүмүн диверсификациялоо жана экономиканын түрдүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү зарыл.
"ЕАЭБ мамлекеттери өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана товарлардын ассортиментин кеңейтүүгө мүмкүнчлүк берүүчү преференциялык соода келишимин иштеп чыгууга даяр", — деди Слепнев.
ЕАЭБ келишиминин алкагында 30 миңден ашык жаранга пенсия дайындалды