Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумуна катышуудан баш тартты

Киев бийлигинин делегациясы Коопсуздук кеңеште Россия төрагалык кылып турганда катышууга мүмкүн эмес деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Киевдин делегациясы Россия төрагалык кылып, БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Украина армиясына Батыштын курал-жарак берүү маселеси талкууланган отурумга катышуудан баш тартканын Украина ТИМи билдирген.

"Украина Россия төрагалык кылган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуудан баш тартты. Муну Москва Киевге берилип жаткан аскердик жардамды талкуулап, айыптоо үчүн демилгелеген... Андыктан Украинанын делегациясы Коопсуздук кеңештеги Советтер Союзунун ордун Россия мыйзамсыз баскандыгы боюнча өзүнүн принципиалдуу позициясын бекемдейт", — деп айтылган аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча ведомствосунун маалыматында.

Киев бийлигинин делегациясы Коопсуздук кеңеште Россия төрагалык кылып турганда катышууга мүмкүн эмес деп эсептээрин билдиришкен.
Мурдараак РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасаган НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Лавровдун айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Батыштын Украинаны куралдандыруусу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтыкка алып келерин эскертип келет.
Лавров БУУдагы отурумдун жыйынтыгы менен маалымат жыйын өткөрдү. Урунттуу учурлар