Ысык-Көлдөгү пансионатка конгон тик учак. Чуу жараткан видеонун чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарга Ысык-Көлдүн жээгине тик учак конгон видео тарады.
Ал көрүнүш коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар бул нерсе эс алуучулардын тынчын алып жатат деп нааразы болушкан. Кээ бирлер "тик учак пансионаттагы туристти эвакуциялоого келди" десе, бир даары "пляжга конду" дешкен.
Бул эс алуу жайы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна караштуу "Париж" пансионаты экени маалым болду.
Sputnik Кыргызстан министр менен байланышты. Аткаминер аталган жай чындыгында эле анын баласына таандык экенин, тик учак пляжга эмес, атайын жабдылган атайын аянтчага конгонун айткан. Бортто уулу да, өзү да болбогондугун кошумчалаган.
"Бул жерде менин кандай тиешем бар? Азыр жумуштамын. Анда Сауд Арабиясынан, Эмираттардан келген коноктор болгон. Дегеле менин фамилиямды унуткула!" — деди министр.
Тик учак жеке жактарга коммерциялык негизде ижарага берилгенин бизге ӨКМден кабарлашты. H-145 Airbus аба техникасынын бир сааттык ижарасы 263 миң сом турат
Каалагандар ижарага алса болот. ӨКМ тик учактары боюнча түшүндүрмө берди