Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын Россия менен тынчтык келишимге Зеленскийдин кеңсесиндегилер каршы

Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Киев ага мыйзам менен тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Россия менен тынчтык келишимдин болушуна каршы чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press агенттигине шилтеме кылып жазды.
Анын пикиринде, келишим Россиянын күчтөнүшүнө шарт түзөт.

"Келишим жаңжалдын убактылуу токтошуна алып келиши мүмкүн. Бул Россия кетирген каталарын оңдоп, аскердик күчтөрүн модернизациялайт дегендик", — деген Подоляк.

Ошол эле учурда ал айтылып жаткан диалогду "шайтан менен болгон келишимге" салыштырган.
Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кытайлык кесиптеши менен жолукканда Киев Москва менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле маалда Киев мыйзам менен сүйлөшүүлөргө тыюу салып, Москванын диалог жүргүзүү тууралуу билдирүүсүн көңүл сыртында калтырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумуна катышуудан баш тартты