Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада-24: кыргызстандык үч спортчунун атаандашы аныкталды. Тизме

25-июлда Парижде чүчү кулак кармалып, намыс талашчулар аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеровдун, Кубанычбек Айбек уулунун жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи атаандаштары белгилүү болду.
1 / 2

Кубанычбек Айбек уулу

2 / 2

Мунарбек Сейитбек уулу

25-июлда Парижде чүчү кулак кармалып, жыйынтыгы төмөнкүдөй чыкты:
28-июль. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 1\16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынашат;
Ушул эле күнү боксчу Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Атаандашы кубалык мушкер Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болот;
31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва менен кармашат. Ал таймашты 1\16 финалдан баштайт.
Эске салсак, Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчусун аттандырган. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, экөө дзюдо, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча намыс талашмакчы. Бокс, жеңил атлетика боюнча бирден спортчу кеткен.
Кыргызстандын намысын 27-июлда биринчи болуп Денис Петрашов коргойт. Ал 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.
Олимпиада оюндары — 2024
Кыргызстандык спортчулардын жайкы Олимпиадада мелдешке чыга турган күндөрү