Ысык-Көлдүн жээгине конгон тик учак: шейхтер учуп келгени айтылды

25-июлда ири инвесторлор Airbus-145 тик учагын ижарага алышканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Париж" пансионатына тик учак менен араб шейхтери учуп келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Эске салсак, ӨКМдин тик учагы Ысык-Көлдүн жээгине, Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык пансионатка конгон видео кызуу талкууланууда.
Ал арада ӨКМ 25-июлда Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында келген ири инвесторлор Airbus-145 тик учагын ижарага алышканын кабарлады.
Эске салсак, аталган тик учактын бир сааттык ижара акысы 263 миң сом турат.
Каалагандар ижарага алса болот. ӨКМ тик учактары боюнча түшүндүрмө берди