Сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймалары арзандай түштү. Себеби

Куймалардын наркы доллардын курсунан жана алтындын дүйнөлүк баасынан көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бейшембиге салыштырмалуу Улуттук банктын алтын куймалары кыйла арзандады. Бул тууралуу Appendi Businessman Telegram каналы (Sputnik Кыргызстандын долбоору) жазды.
Улуттук банк 2015-жылдын майынан баштап 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларды сатыкка чыгарган.
26-июлга карата баалар:
бир грамм — 7 миң 830,5 сом (157 сом түшкөн);
эки грамм — 14 миң 363 сом (314 сом түшкөн);
беш грамм — 33 миң 937,5 сом (789 сом түшкөн);
10 грамм — 69 миң 099 сом (баасы өзгөргөн жок);
унция (31,1 грамм) — 208 миң 773,5 сом (4 миң сом түшкөн);
100 грамм — 667 миң 43,5 сом (дээрлик 16,2 миң сом түшкөн).
Эске салсак, куймалардын баасы эки факторго: доллардын курсуна (Улуттук банктын расмий курсу 2,3 тыйынга төмөндөгөн) жана Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын баасына (унциясы сутка ичинде 57,25 долларга төмөндөп, 2364,2 долларды түздү) байланыштуу болот.
Улуттук банктын алтын кору дээрлик 3,4 млрд. сомго түштү