Сокулукта өспүрүмгө бутун өптүрүп, бычак сайып кордогон улан кармалды. Видео

Өспүрүмдү кордоп, басынтып, анан бычак сайган видео соцтармактарда тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өспүрүмдүн санына бычак сайып, бутун өптүртүп басынткан видео социалдык тармактарда тарады.
Анда өспүрүм видеону тартып жаткан кишиге "Ислам братан" деп кайрылып, кечирим сураганын көрүүгө болот. Бирок ал Ислам эмес экенин айтып, ага "принц" деп кайрылууну талап кылган. Ошондой эле өспүрүмдү кандай маки менен сайганын да камерага көрсөткөн.
Жергиликтүү ЖМКлар окуя Сокулукта болгонун, жарадар болуп канжалаган өспүрүмдү жолдо өтүп бараткан адамдар үйүнө жеткиргенин жазышкан.
Чүй ОИИБ бул боюнча маалымат берип, окуя 24-июлда саат 20:00 чамасында Калинин көчөсүндө болгонун кабарлады. 16 жаштагы баланын энеси милицияга арыз менен кайрылып, "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 19 жаштагы Ч.И. экени кошумчаланды.
Токмоктун борбордук аянтында окуучулар мушташты. Видео