Ош шаарында жаңы базардын курулушу башталды. Сүрөт

Базарга төрт тараптан жол салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 4

Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушу башталды

2 / 4

Маалыматка ылайык, Б.Осмонов көчөсүндөгү ("Мегаполис" соода борборунун маңдайында) иштин жүрүшүн мэр Бакытбек Жетигенов көрүп чыккан

3 / 4

Учурда курулушту эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары орнотулуп, чубалгылар тартылууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылды.

4 / 4

Ошондой эле бул жерде соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөрү кошумчаланды

Маалыматка ылайык, Б.Осмонов көчөсүндөгү ("Мегаполис" соода борборунун маңдайында) иштин жүрүшүн мэр Бакытбек Жетигенов көрүп чыккан.
"Учурда курулушту эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары орнотулуп, чубалгылар тартылууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылды. Базарга төрт тараптан жол салынат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул жерде соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлөрү кошумчаланды.
Эске салсак, 14-июлда Ак-Буурадан ташыган суу базарды кошо каптаган. Кийин жабыр тарткан соодагерлер менен кездешкен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар коопсуз жерге көчүрүлөрүн билдирген.
Ош шаарындагы борбордук базар эки айдан кийин көчүрүлмөй болду