Кыргызстан чет өлкөлөрдөн өз элчиликтери үчүн кыймылсыз мүлк сатып алууда

Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында Франциядагы элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Эгемендик жылдарынан бери Кыргызстандын элчиликтери үчүн ижарага кеткен каражатка жеке имараттарды сатып алууга болмок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барганда айтты.
Элчи Садык Шер-Нияз мамлекет башчысына мурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имаратта иштөөгө мажбур болушканын маалымдады.
1 / 3

Эгемендик жылдарынан бери Кыргызстандын элчиликтери үчүн ижарага кеткен каражатка жеке имараттарды сатып алууга болмок

2 / 3

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барганда айтты

3 / 3

Элчи Садык Шер-Нияз мамлекет башчысына мурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имаратта иштөөгө мажбур болушканын маалымдады

Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.
"Президент өлкөнүн эгемендик жылдарында чет өлкөдөгү мүлктү ижарага алууга кеткен суммага өз имараттарын сатып алууга болмоктугун белгиледи. Өлкө башчы Тышкы иштер министрлиги Венгриядан имарат сатып алганын, Швейцария, Австрия жана Новосибирск шаарынан (Россия Федерациясы) кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Нью-Йоркто (АКШ) жана Берлин шаарында (ГФР) дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер сатып алынат", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров имаратты көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазды.
Кыргыз элинин эртеңин туюндурат. Берлинде "Бала манасчы" айкели ачылды