Байсалов АКШ Конгрессиндеги Израиль премьерине кол чабууларды сындады

Беньямин Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөгөнү дүйнөдө ар кандай пикирди жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык конгрессмендердин Израилдин премьер-министрине шатырата кол чабуусун сындады.
Буга чейин Беньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн. Бул дүйнөдө ар кандай кабыл алынды.

"Кечээ кечинде Нетаньяхунун сүйлөгөнүн көрдүм. Анын кебинин мазмуну эмес, ар бир сөзү АКШ Конгрессинде дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолгону кыжырды келтирди. Мунун артында кандай саясат турганы коркунучтуу көрүнүш. Бул АКШ саясатына болгон дүйнөдөгү көз карашты кантип өзгөртө алат?" — деп жазган ал өзүнүн Х баракчасына.

Израилдин премьер-министринин Конгрессте сүйлөгөнү Капитолийдин алдында согушка каршы активисттердин нааразылык акциялары менен коштолду. Полиция айрым катышуучуларды камакка алды.
Бул кайрылууга реакция ар кандай болду. Кээ бир демократтар Нетаньяхуну Газадагы согуш үчүн сындап, он чактысы анын сөзүнө бойкот кылды. Ал эми айрымдар кол чабууларды "жийиркеничтүү" деп баалашты.
ЖМКлар Нетаньяху сүйлөп жатканда Израиль аскерлери Газаны бомбалап жатканын жазышты.
Буга чейин Байсалов эл аралык коомчулукту, биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү АКШны Газа тилкесиндеги геноцидди токтотууга чакырган.
Небензя: Израиль АКШга таянып алып, тынчтык демилгелерди тоготпой келет