Апта ичиндеги валюта курсу: доллар, евро арзандап, рубль бир аз кымбаттады

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы, салтка айлангандай, валюта курсуна сереп даярдады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 22-июлдан 26-июлга чейин валютанын курсу кандай болгонун талдап көрдүк.

Доллар

Дүйшөмбү таңга маал сатып алуу 63 тыйынга арзандап 83,64 сомго түшкөн. Ал эми сатуунун орточо курсу 64 тыйынга төмөндөп, 84,36 сомду түздү. Сатуунун төмөнкү босогосу 84,2 сом болуп, жумасына минус 65 тыйынды түзөт.

Евро

Сатып алуунун орточо курсу 92 тыйынга түшүп, учурда 90,55 сомду түздү. Орточо сатуу курсу 96 тыйынга төмөндөп, азыр 91,52 сомдун тегерегинде.

Рубль

Сатып алуу (95,8 тыйын) жана сатуу (98,7) курсу 1 тыйынга көтөрүлдү.

Теңге

Казак валютасынын баасынын өзгөрүшү байкаларлык эмес.
Улуттук банктын июндагы валюталык интервенциялары резервдерге кандай таасир этти?